Эркиндик бульварындагы павлиндин жыгачтан жасалган скульптурасын өрттөп кетишти

Бишкекте Эркиндик бульварында белгисиз адамдар жыгачтан жасалган павлиндин скульптурасын өрттөп кетишкен. Бул тууралуу "Бишкек жашылдандыруу" ишканасынын пресс-катчысы Аида Айдаралиева жеке баракчасына кайгыруу менен жазып чыкты.

Анын айтымында, скульптура аталган бульварда 2018-жылдан бери турган.

"Белгисиз жарандар аны бир түндө эле өрттөп жиберишти. Эмнеге экенин билбейм. Аны өрттөөнүн эч кандай мааниси жок болчу. Тополоң учурунда өрттөлдү дейин десек, андай эмес", - деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
elgul4
2020-10-26 13:38:52
Уяты жок, ыймансыздар кобойду...
Куноолууну таап толотуш керек, милициянын колунан келээр бекен...
0
Razzak.kg
2020-10-26 15:51:11
Ээч нерсе түтпөгөн бир малга окшогон эле калк экенбиз да. Али сындырып кеткен, өрттөп салган, уурдап кеткен. Эмне дешти билбейсин
0
alym21
2020-10-26 16:49:55
Манкурттар,эч нерсе калбай кала турган болдуго...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан