Ошто кош бойлуу аялын сабап өлтүргөн окуя. Шектүү маркумду муштагылап сабагандыктан денесинин соо жери калган эмес (видео)

Ош шаарында аялын өлүмгө жеткире сабаган жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 26-октябрда Ош ШИИБинин маалымат катчысы билдирди.

"Шектүү окуя болгон күнү мас абалда келип, ортодо уруш чыккан. Кошуналарынын айтымында, шектүү аялын жана кайненесин сабап, эшикти кулпулап кетип калган. Шектүү маркум аялын муштагылап, уруп сабагандыктан денесинин соо жери калган эмес. Аларды ажыратууга аракет кылган келиндин апасын да катуу сабаган. Учурда ал ооруканада оор абалда жатат.

Шектүү тергөөдө аялы телефон чукулап отура бергени үчүн жана кайненеси менен бирге жашагандыктан ал "иштебейсиң, ичип келесиң" деп уруша бергендиктен ушул ишке барганын айткан.

Дарыгерлердин айтымында, маркум аял 2 аптадан кийин көз жармак. Алардын ортодо башка баласы жок . Тактап айтканда, алардын баш кошконуна жыл гана болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Elkin-Life
2020-10-26 11:10:40
Кичине Уруп койдум еле деп коет
+2
Noon
2020-10-26 15:24:44
Тозокто куйсун
+7
Barcho
2020-10-26 15:26:21
Малдан айырман жок.акмак
+7
Nursul
2020-10-26 16:09:39
Акмак келесоо
+6
Egizderim-baktim
2020-10-26 21:03:43
Аялынды уруп атканда торогон апанды эстебейсинби акмак, мал деген созго да татыксызсын себеби малдар даже туртпойт тандаган шеригин
+6
Aidankajumabek
2020-10-26 22:23:09
Перзентке зар болсо экен ушундак акмактар аялы кыянат кылганда деле балада эмне куноо
+1
Dilnaz.1990
2020-10-27 00:05:02
Тооба кудай сактасын
+1
Targarien
2020-10-27 02:50:39
Ушул айбанды да уруп инвалид кылыш керек. Инвалид болуп кал кудай жазанды берсин!
+1
Aiza90
2020-10-27 09:04:06
Тарбиялап чонойткон ата-энесине наалат. Туриодо чирисин, коомго Бир тыйын пайдасы жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан