Жаңы тартылган "Акыркы көч" тасмасы Таллин кинофестивалына катышат

Режиссёрлер Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун жаңы тартылган "Акыркы көч" тасмасы "Тёмные Ночи" PÖFF Таллин кинофестивалынын сынактык программасына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Акыркы көч" көркөм тасмасын Төлөмүш Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясы менен "Билимкана" коомдук фонду биргеликте өндүргөн. Тасманын сценарийинин автору жана режиссёру Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу, ал эми продюссер катары Эльнура Осмоналиева катышкан. Тасмага Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу белгилүү актёрлор тартылган.
"Тёмные Ночи" сыяктуу абройлуу кинофестивалдын конкурстук программасына киргенибизге абдан кубанычтабыз. Быйыл пандемияга байланыштуу 5 ири фестиваль иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартышты. Ошондуктан тасмалар көп болду, ошого жараша ири фестивалдардын сынактык программасына катышуу үчүн атаандаштык да бир топ болду", - деп билдирди режиссёрлордун бири Дастан Жапар уулу.
1997-жылы башталган Таллиндин "Тёмные Ночи" кинофестивалы 1000ден ашуун конокторду, делегаттарды жана 160тан ашуун журналисттерди кабыл алган Түндүк Европанын эң ири кинофестивалдарынын бирине айланды.
Фестивалда 250гө жакын толук метраждуу, 300дөн ашык кыска метраждуу жана анимациялык тасмалар көрсөтүлөт жана ага жыл сайын 80 миңге жакын адам катышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан