Өмүрбек Абдрахманов: "Өкмөт ачка аткаминерлердин бүтүндөй армиясын кармап отурат"
Президенттик аппарат үчүн 2014-жылга бюджеттен 800 миллион сом бөлүнүп жатат. Муну парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов айтты. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясына 200 миллион сом бөлүнө турганын айткан Абдрахманов: "Бул маалыматтар 2014-жылдын бюджетинин долбоорунда жазылуу. Дагы деле жаңы эч нерсе жок. Өкмөт ачка аткаминерлердин бүтүндөй армиясын кармап отурат, а биз майда-чүйдө мыйзам долбоорлорду талкуулап отурабыз",- деди. Бул учурда депутат Тынчтык Шайназаров демилгелеген мыйзам талкууланып жаткан. Ал мыйзам үйү жок прокуратура кызматкерлерине үй жана акчалай компенсация берүүгө багытталган.