Жыл башынан бери Бишкекте велосипед тепкен 118 жарандын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Милициянын кайгуул кызматы велосипед айдоочуларын жол эрежелерин так сактоого чакырат.

2020-жылдын январь айынан тартып, бүгүнкү күнгө Бишкек шаары боюнча жалпысынан 118 велосипед тепкен жарандар катышкан жол кырсыгы катталып, алардын ичинен 117 жаран ар кандай жаракаттар менен жабыркаган.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жарандарды велосипед менен жүрүүдө жол эрежесинде жазылган талаптарды аткарууга чакырат:

- бир колдоп эмес, сөзсүз эки колу менен велосипедди башкарууга;

- жаш балдарды муктаждык болбосо кошумча орунга отургузбоого;

- велосипед менен кошумча жүк ташыбоого;

- жеке коопсуздук үчүн башка жөө адам жана унаа башкарып келе жаткан айдоочуларга жолтоо болбош үчүн жөө адамдар өтүүчү жайлардан өтүүдө велосипедден түшүп жетелеп өтүүнү;

- түнкү убакта жүргөн учурда атайын жарык берүүчү чыптамалар менен же жарыктандыруучу шаймандарды колдонууга;

Жолдун жээги менен велосипед башкарууда унааларга карама-каршы багытта жүрүүгө жана атайын велосипед айдоочулары үчүн салынган жолдордо жүрүүнү сунуштайт. Азыркы учурда, милициянын кайгуул кызматы Жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу үчүн жарандар жана велосипед айдоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан