"Оппозиция "Юпи" планын даярдаган эмес, мени УКМК алдап пайдаланып койду",- деп билдирди бүгүн, 25-сентябрда маалымат жыйын берген Эрланбек Өмүралиев. Айта кетсек, Э.Өмүралиев УКМК теле аркылуу жарыялаган видеодо оппозициянын өлкөдө баш аламандык уюштуруу пландарын ашкерелеген адам катары белгилүү. "УКМК тараткан видеотасма 2 бөлүктөн турат, бири жашыруун, экинчиси ачык тартылган. Мен анда Соң-Көлдөгү курултайдан кийин мага жолугуп, сүйлөп берген Калыс аттуу адамдын айткандарын гана кайталап бергем. Мен атайын кызматка баалуу маалымат бердим, бирок УКМК өз максатын көздөп ал айткандарымды оппозицияны шылдыңдоо үчүн пайдаланышты",- дейт Өмүралиев.
Ал муну телефондо Садыр Жапаровго айтып бергенин да ырастады.
Айта кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын кооптуу, бийликти кулатууга карата түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланганы белгилүү. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген эле.
Кийин Садыр Жапаров Өмүралиев менен телефондо сүйлөшкөнүн айтып, анда ал УКМК коркутуп оппозицияга каршы сүйлөткөнүн билдиргенин айтып чыккан. Телефондогу сүйлөшүү жазылган аудиожазууну ММКлар аркылуу жарыяланган болчу.