Эркектердин төшөк жаатында айымдардан жашырган бир катар сырлары бар. Ачыкка чыгарып айткысы келбегени менен бул ыкмаларды колдонууну жактырышат. Эмесе, эркектердин сырлары сиздер үчүн.
1. "Зордуктоо сымал" ыкма
Эркектердин маанайы жакшы болгон учурда гана секстин мындай түрүн каалашат. Айымын акыштатып, ар кандай одоно ыкма менен кумарга батырганда өзүн кудум арстан сымал сезип, ырахат алат.
2. "Супер сезимталдуу" ыкма
Эркек өзүнүн эрогендүү зоналарын айымы жакшы ажырата билип, ал жерлерди назик өпкүлөп, эркелетип туруусун каалайт. Мындай учурда мырзалар "лаззаттын жетинчи" кабатына көтөрүлгөндөй сезимде болушат.
3. "Чектен ашкан" ыкма
Эркектердин көбү тыюу салынган, мисалы, маданий жайларда, лифтте, саунада жана башка жерлерде түрдүү ыкмаларды колдонуу менен кумарга батууну жактырат. Мындай жерлерде болгон төшөк ырахаты көпкө эсинде сакталат.
4. "Ар түрдүү кесипти аркалаган" ыкма
"Айымым бирде кыска юбка кийген катчы кызга айланып, бирде жылаңач денесине ак халат жамынып медикке айланып тосуп турса... Же денесине жармашкан кооз көйнөк кийген Барби куурчакка айланып, иштен келгенимде алдымдан жылмая тосуп алса", - деп кыялданат.
5. "Чакырган" ыкма
Төшөктө ачык-айрым болуп, тартынчаактык адатты унутта калтырган айымды баркташат. "Айым көзү менен кылгыра тиктеп "Жаным, кел, тез-тезден ишти баштайбыз..." деп алгач өзү сунуштап чакырып турса" деп кыялданышат.
6. "Каршылык көрсөтүүчү" ыкма
Айрым эркектер айымынын төшөктө кылыктанып, назданып, калп эле каршылык көрсөтүп туруусун каалашат. Мына ушундай учурда гана оюндун жеңүүчүсүнө айлангандай сезимге кабылышып, өздөрүн жакшы сезишет.
Макала "Супер-Инфонун" №342 санына жарыяланган.