Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сапар Исаков менен Албек Ибраимов 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан митингчилер тарабынан бошотулган. "Үй-бүлөлүк себептерден улам жети күнгө" деген жазуу менен бошотулган Сапар Исаков менен Албек Ибраимов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына 13-октябрда келиши керек болчу.