Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэрлигине жакшы вариант экенин Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри катары мэрдин милдетин аткаруучу катары иштеп жаткан Нариман Түлеев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анда Түлеев Түлөбаев менен жеке сүйлөшкөнүн жазган.
"Бардыгы биз каалагандай акыры мыйзамдуу жыйынтыкка келди. Биз мэрияны эч кимге бастырбай, коргоп калдык. Эми мен тынч көңүлүм менен кетсем болот. Дүйшөмбү күнү шаарга келип, расмий түрдө отставкага кетем", - деген ал өз билдирүүсүндө.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Балбак Түлөбаевге байланышып, төмөндөгүдөй жооп алды.
"Ооба, саат 10:00дө тааныштыруу болот. Убактылуу мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалып жатам", - дейт Балбак Түлөбаев.