Бүгүн, 27-октябрда өкмөттүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев Балбак Түлөбаевди мэриянын кызматкерлерине жана шаардык кызматтын жетекчилерине тааныштырды.
Бактыбек Аманбаев өкмөт башчы Садыр Жапаровдун жаңы шаар башчысы дайындалганга чейинки мэрдин милдетин аткаруучу тууралуу буйругу менен тааныштырды.
"Балбак Түлөбаевдин биринчи кезектеги милдети шаарды кышка даярдоо. Жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Ошондой эле COVID-19дун жайылышынын алдын алуу", - дейт Аманбаев.
Өз кезегинде Балбак Түлөбаев: "Бардыгыңыздарга айтып коюшум керек. Убактылуу шаар кеңеши өзүнүн мөөнөтүн аяктап, жаңы мэр шайланганга чейин убактылуу бул ишти алып барам. Андыктан тез аранын ичинде мурун болуп жаткан ишти улантышыбыз керек. Бардык маселелер боюнча сүйлөшөбүз. Баары жакшы болот", - деп белгиледи.
Эске салсак, Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген. Кечээ, 27-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.
Ага чейин Балбак Түлөбаев Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы болгон.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов 20-октябрда отставкадан кетүү тууралуу арызын жазган. Анын ордуна мэрдин милдетин аткаруучу катары биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев иштеп жаткан.