Биринчи вице-премьер-министр Орусиянын өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолукту

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Орусия федерациясынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.

"Орусия ар дайым өлкөнүн ишенимдүү стратегиялык жана негизги соода-экономикалык өнөктөшү болгон жана болуп кала берет. Ошондой эле биз эки тараптуу жана көп тараптуу форматта мурда кабыл алынган бардык милдеттенмелерди жүзөгө ашырабыз. Кыргыз тарап эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле Евразия экономикалык интеграциясы жана КМШ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча жигердүү ишти уланта берет", - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков.

Өз кезегинде Николай Удовиченко Артём Новиковду Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

«Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаалга карабастан, орусиялык инвесторлор кыргыз рыногунда иштөөгө чоң кызыгуусун билдиришет жана маанилүү маселелердин бири - инвесторлорду, анын ичинде орусиялык инвесторлорду мамлекеттик деңгээлде коргоо жана алардын өлкөдөгү коопсуздугун камсыз кылуу. Орусия Федерациясы Кыргыз Республикасы үчүн союздаш деп эч күмөн санабай эле айта алам».

Артём Новиков Орусия тарап менен натыйжалуу экономикалык кызматташтык түзүлөрүн айтып, жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын өкмөтү экономикалык чөйрөдө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдайт деп ишендирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан