Кипрдеги эл аралык компанияда менеджер болуп иштеп жүргөн кыргыз кызы: "Бул жакта жашоо тынч, келгенден бери селсаяк көрө элекмин" (маек)

Кыргыз өлкөсүнүн бир топ жарандары, дээрлик көпчүлүк жаштары тышкы миграцияны түзөрү белгилүү. Алар тапкан каражаты менен жеке өздөрүнүн муктаждыктарын гана эмес, өлкөнүн да экономикалык абалын алдыга сүйрөп келишүүдө. Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз окуп, иштеп, бир топ тажрыйбаларга ээ болуп, эмгектенип жатышат. Алардын бири Кипр мамлекетиндеги белгилүү компаниялардын биринде менеджер болуп иштеп жаткан кыргыз кызы Динара Абдимажит кызы SUPER.KG порталы менен маек курду.
Каарманыбыз Динара Абдимажит кызы 1996-жылы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарында туулган. Бишкектеги Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин "Бизнес-информатика" факультетин аяктаган. Учурда Кипрдеги "Carrinton trading Ltd" эл аралык компаниясында эмгектенип жатат.
- Саламатсызбы Динара. Ден соолугуңуз жакшыбы? Алыста жүрөсүз, ооруган жоксузбу?

- Саламатчылык. Баары сонун рахмат. Оорудан алыс элебиз.

- Кипр мамлекетине кантип барып калдыңыз. Кандай жумушта иштейсиз?

- Бул жакта байкем иштечү, анын чакыруусу менен келгенмин. Ал магазиндердин биринде сатуучу болуп иштеп жүрүп, кетерде мени ордуна жумушка алган. Ошентип жумушум сатуучулуктан башталган. Жаңы келгенимде аябай деле кыйынчылыктарга дуушар болгон жокмун. Себеби бул жакта кыргыз эжелер менен бир үйдө чогуу жашап, чогуу жүрүп, түрк тилин өздөштүрүп алдым. Сатуучулук жумушумдан виза жасап бербегендиктен башка жумушка которулганга туура келип, мейманканага официант болуп иштеп баштадым. Ал жерде иштеп жүрүп байкасам, жакшы жумуш орундарында иштегендердин көпчүлүгү англис тилин мыкты билгендер экен. Анан мен да намыстанып, эмнеге официант болуп иштейт экенмин, 4 жыл ушул үчүн окудумбу? Мен дагы жакшы жумуштарда иштейм деп, англис тилин өнүктүрүүгө баш отум менен кириштим. Жумуштан кийин шаардык китепканага жазылып эки аптада бир китеп окуп турчумун. Түшүнбөсөм дагы үнүмдү чыгарып окуй берчүмүн.Түшүнбөгөн сөздөрүмдү жазып алып жаттап айтып жүрдүм. Күбүрөнгөнүмдү уккандар таң калып карашып "сен эмне музыка угуп жатасыңбы, ырдап атасыңбы" деп сурай беришчү. Ютуб каналынан дагы англис тилиндеги аңгемелерди кулагыма кулакчынды тагып алып, түндө дагы угуп жатчумун. Ошентип англис тилин өздөштүрүп алдым. Анан иштеген жеримден мени кассирлик жумушка которушту. Ал жерде кыргыздардан жалгыз мен эле иштеп жүрдүм. Кийинчерээк бир университетте окуган эже келип, аны менен таанышып, Бегимай деген эже менен чогуу иштеп калдык.

Биз Бегимай эже экөөбүз бир окуу жайды бүтүргөндүктөн араб тилин 4 жыл окудук да, аны да унутуп калбайлы, бул тилди дагы өнүктүрөлү деп Дубайга кетүүнү кеңештик. Ал жакка жумуш берүүчү агенттик аркылуу сүйлөшүп, Эмирейт Спаркусу ресорт зоопарк жана мейманканасына костинер-сервис болуп барып, иштеп калдык. Контрактык келишимдин негизинде иштеп жүргөндө Кипрден жакшы компанияга жумушка сунуш келип, ага электрондук түрдө резюмебизди жиберип, ошонун негизинде келип, ушул эл аралык "Carrinton trading Ltd" компаниясында Бегимай эже бухгалтер, а мен транспорт-менеджери болуп иштеп калдык.


- Айтсаңыз, азыркы жумушуңузда кандай өзгөчөлүктөр бар? Дегеле ал жакта жашоо кандай өтүп жатат?

- Курулуш компанияда иштейм десем эле көпчүлүк куруучусуңбу деп сурашат (күлүп). Негизи компанияда көптөгөн сервистер бар. Үйлөрдү көргөнгө келген туристтерди ташуучу VIP таксилердин расписаниесин түзүп берип, аларга тиешелүү документтер менен иштейбиз. Андан тышкары "property manager" деген бар, үйдү сатып алып, кайра бизге карап бергиле деп беришет. Себеби чет өлкөлүктөрдүн көпчүлүгү бул жакта жашашпайт, кээде эле эс алууга келип-кетип турушат. Ошолордун үйүн компания өз кароосуна алышат. Андан тышкары дагы ремонттоо, унааны ижарага берүү деген сыяктуу сервистери да бар. Компаниядагы өзгөчөлүктөрдүн бири-бирибизге жумушка барып, келгенге атайын унаа берилген айдоочусу менен, жашаган үйүбүзгө бардык шарттарды түзүп беришкен жана акы төлөбөйбүз. Жашаган жерибиз дагы туристтер эс алуучу аймакта бир жагы тоо, экинчи жагы деңиздин боюндагы виллалардын биринде жашайбыз. Кошуналарыбыздын мамилелери дагы жакшы. Карантинде бизде баары жакшы болуп турса деле "силер чет өлкөлүксүңөр, мекениңерден алыста жүрөсүңөр" деп кабатыр болушуп, тамак-аштарды алып келип жатышты. Андан тышкары мамлекет тарабынан дагы акчалай жардамдарды (15 миң сомдон) бөлүп берип турушту.

- Эң жакшы. Эми айтсаңыз Кипр эли орой келишет дешет. Чын эле ошондой экенби? Дегеле сизди таң калтырган Кипр тууралуу айтсаңыз?

- Ооба, негизи сүйлөгөндөрү ороюраак келишет. Анан жакын адамынын жанында ага жакшы сүйлөп, ары кеткенден кийин артынан жамандап коюшат. Эли бир аз жалкоо келишет. Динге бекем эмес, көбүнчө атеист сыяктуу көз карашта болушат. Мага карата "эмнеге башыңда жоолук бар? Сен аябай мусулмансыңбы?" деген сыяктуу түшүнүксүз суроолорду беришет. Кипр өзү Жер Ортолук Деңиздеги кичинекей арал болгонуна карабай түрктөр менен гректер урушуп кетип, экиге бөлүнүп калган. Гректер тарабы Европа бирлигине кирет, биз жашаган аймак түрктөргө карайт. Кипрдин борбору Никосия шаарын дагы экиге бөлүп алышкан. Бул жактын жергиликтүү тургундары Түркиядан келген түрктөрдү жаман көрүшөт экен. Мени таң калтырганы биз жашаган аймакта жашоо жакшы, аябай тынч, бул жакка келгенден бери селсаяк көрө элекмин. Эң негизгиси коопсуз шаар экен. Анан дагы бул жактын үйлөрүндө палас салынбайт экен, жалаң кафель. Кыргыз өлкөсүндөгүдөй үйлөрүн бийик дубалдар менен коргон салып, дарбазаларды коюшпайт. Көп кабаттуу үйлөрдө дагы бут кийимдерди үйүнүн ичине чечпей сырттан чечип калтырышат экен. Мындай көрүнүш биздин өлкөдө болсо уурдап кетишмек. Бул жакта уурулук, алдамчылык деген түшүнүк жок. Буга далил катары мен уюлдук телефонумду, капчыгымды жоготкон күндөрүм болду. Издебесем дагы тапкан адамдар полицияларга айтып, үйүмө жеткирип жиберишкенде таң калгам.

- Динара, өлкөдөн алыс жүргөнүңүзгө канча убакыт болду? Мекенди сагынуу сезимдери болсо керек?

- Негизи Кыргыз өлкөсүнөн 2018-жылы март айында Түркияга келип иштедик. Андан кийин 2019-жылдын июнунда Дубайга барып иштедик. Кайра ошол эле жылы октябрда Кипрга келип иштеп жатабыз. "Бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиңдин ултаны бол" дегендей башка жер канчалык жакшы болсо да, өз жериң көздөн учуп турат экен. Кыргыз жерин аябай сагындык. Алыста жүрсөк дагы өлкөбүздөгү окуялардан кабардар болуп жатабыз. Соңку убактардагы толкундоолорду көрүп аябай жүрөгүбүз ооруп, ыйлап да жүрдүк. Жерибизде тынчтык, ынтымак болсун деп Кудайдан тилендик. Буюрса, келерки жылы мекенге кайтуу тилегибиз бар.

- Маегиңизге рахмат. Мекенге аман-эсен келип алыңыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Apyn8793
2020-10-29 01:47:42
Жакшы, жакшы. Азаматсын! Чыйрак, эмгекчил адамдар ушинтип бийиктешет.

Кээ бир жалкоо адамдарыбыз бар Россияда, чонтогуно 500 рубль тушсо кафе, клубка жоношот, аякта да жон журбой керсейип корунгонго сайылып таяк жешет.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-10-29 07:35:34
Кандай бактылуу кыздар.
-1
ZHYRGAl1412
2020-10-29 10:39:49
Тапактыда апкирет окшойсунар Бир скавородкадан тамакко ар биринин алдыда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан