Бүгүн, 27-октябрда Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйын берди. Маалымат жыйында ал кримтөбөл Камчы Көлбаев сот тарабынан бүгүн, эртең бошотулушу мүмкүн деген пикирин айтты.
Анын айтымында, криминалдарга каршы жүргүзүлгөн иш театралдаштырылган шоу.
23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Камчы Көлбаев тергөө амалдары жүрүп жаткандыгына байланыштуу УКМКнын СИЗОсуна киргизүү чечимин чыгарган. Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.