Бүгүн, 27-октябрга карата АКШ долларынын улуттук валютага болгон баасы 81 сом 90 тыйынга чейин өстү.
Ага ылайык, саат 14:43кө карата коммерциялык банктарда долларды сатып алуу 81 сом 40 тыйындан 81 сом 50 тыйынга чейин болсо, долларды сатуу 81 сом 80 тыйындан 81 сом 90 тыйынга чейинки бааны түздү.
Акча алмаштыруу жайларында дагы доллар 81 сом 86 тыйынга чейин көрсөтүлгөн. Улуттук банктын расмий сайтында АКШ долларынын курсу 80 сом 63 тыйын деп көрсөтүлгөн. Ал ортодо доллардын жогорулашы өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу деген маалымат тарады.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти, экономика илимдеринин кандидаты Элвира Сатылгановага кайрылды.
- Өлкөдө болуп жаткан окуялар доллардын баасынын жогорулап кетишине таасирин бердиби?
Акыркы күндөрү доллардын баасынын жогорулашы өлкөнүн акча рыногунда валюта аз болуп жатканы менен байланыштуу. Валюта көбөйсө, доллардын курсу дароо түшөт. Мындай учурда Улуттук банк интервенция жасап, абалдан чыгууга аракет кылат. Бирок Улуттук банк сомду жасалма кармап туруу менен доллардын баасынын өсүшүн токтото албайт. Тагыраагы Улуттук банк интервенция жасоо менен дүйнөлүк трендге таасир бере албайт. Экономика бул математика, анын өзүнүн алгоритми бар. Бул жыл баштала электе эле, 2020-жыл оор болот деген прогноздор айтылган. Доллардын баасы мындан ары да өсүшү мүмкүн, бирок төмөндөбөйт. Качандыр бир кезде доллардын сомго карата баасы 6 сом болчу, андан кийин 11 сом, кийин 17 сомдон 50 сомго чейин өсүп кетти. Учурда 80 сомдун тегерегинде кармалып турат. Доллардын өсүшүнө Кыргыз өлкөсүндөгү окуялар таасир бере албайт.
- Негизи эле валюта рыногунда сомдун орду кандай. Кээ бирлери аны Борбордук Азиядагы эң туруктуу валюта деп келишет.
Чындыгында, биздин сом системдик жактан алсыз валюта. Ал көбүнчө сырткы факторлордон, көбүрөөк даражада импорттон көз каранды. Биздин өлкөдө өндүрүш жок болгондуктан көп нерсени сатып алабыз. Ошондой эле өзүбүздүн товарларды чыгаруу тармагы дагы жакшы өнүккөн эмес. Бир жагынан коронавирустун айынан өлкөдөгү өндүрүш тармагы да жабыркап жатат. Кыргыз өлкөсүндөгү коомчулук насыяларга чөмүлгөн. Биз эмнелерди экспортко чыгарабыз? Бул алтын, электр энергиясы жана айыл чарба продукцияларын. Бирок буларды иштетүү үчүн импорттук товарлар керектелип жатат. Мисалга алсак, уруктар, жер семирткичтер сырттан келет. Ар бир импортёр өзүнүн кирешесин коргойт. Доллардын баасы туруктуу болбой турганда, алар өз товарларына баа кошот.