Ырчы Илгиз Абдалиевдин жубайы жар-жар айтып баштады. Эми ал чыгармачылыкка кадам таштайт

Ырчы Илгиз Абдалиевдин жубайы Назима тойлордо жар-жар айтып, жакшылыктарда кызмат көрсөтүп баштады. Эми ал чыгармачылыкка кадам таштап, жолдошу менен дуэт аткарып чыгат. Бул тууралуу Илгиз мырза менен байланышканыбызда белгилүү болду.

Ырчынын айтымында, жубайынын жар-жар айтып калуусуна көптөгөн суранычтар түрткү болгон.

"Суранычтар көп болуп жаткан. Мага тойго буюртма түшүп, "келинчегиңиз жар-жар айтып берсин" деп суранып туруп алышты. Макул болуп, жар-жар ырын жаздырып, даярдык көрүп тойго чыгып калдык. Биринчи жар-жар айтуудан кийин эле буюртмалар түшө баштады. Кээде жеке өзүнө кайрылышат, кээде экөөбүздү чогуу келгиле деп чакырышат. Азырынча аймактагы тойлорго барып жатат.

Буюрса, алдыга койгон пландарыбыз көп. Жакында дуэт аткарып чыгалы деп чыгарма жаздырып баштадык. Андан кийин үй-бүлөлүк клип тартуу ойлорубуз бар", - деди ырчы.

Таланттуу түгөйлөрдүн тойдогу гонорары тууралуу сураганыбызда, экөө чогуу барса 100 доллар экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Pepe93
2020-10-27 15:50:02
Ой ужас сен эле калдын эле
+10
Komar
2020-10-27 16:02:17
Илгиз Сенин созуно Ким ишенет. Аялындын ырдаганын такыр корбогон адам кантип сурансын, окшоштурсан кичине! Ырдап чыкса ийгилик.
+8
Jibakana
2020-10-27 16:03:25
Куйоосу ырчы болсо эле жонокой аялын да ырдап берсин деп кыйнай беришеби э
+10
Pankration_MMA
2020-10-27 16:30:43
Ушундай сапаты жок ырчылар тажаттыңар.
+7
JaneEr
2020-10-27 16:34:55
Ырчы-чоорчулар семьянар менен тажаттынар кыпчылып корунгон жерге.Ырчы болуш осургандай эле болуп калыптырго ыя )))
+8
Sara1993
2020-10-27 17:24:06
Ильгиз абдан кооз суйлогону менен жашоодо койрондогон 1 эле жолу коргон адамга согуно берген маданиятты билбеген адам, анан маданиятка кызмат кылып журот.Чындыкты айтсан дароо чычалап согунуп кирет.ушундай маданияттын окулдоруно ыйман берсин Аллахым.
+5
Paprikafm
2020-10-27 21:09:57
Тооба Ким эле мунун аялын сураныптыр ээ,эч Ким тааныбаса, жон эле тойго чогуу баргыбыз келди десенер
+6
iamjuma
2020-10-28 05:23:13
Ильяз ким?Эч мындай ырчы жок эле го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан