Ош шаардык жашылдандыруу жана чарба комбинаты шаар күнүнө карата заманбап типтеги теплицанын ачылышы боло турганын билдирди. Мекеменин башчысы Бактияр Кудайбердиевдин айтымында, теплицаны курууга 850 миң сом жумшалды. Ал кореялык фирмалардын долбоорунун астында курулуп, жалпы аянты 300 чарчы метрди түзөт. Ошондой эле мындан жылына 3-4 ирет түшүм алууга болорун адистер кошумчалашты.