Балбак Түлөбаев вице-мэрлер Мозгачева менен Абдылдаевдин эмне үчүн жумуштан кеткенин айтты

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаев эки вице-мэр Виктория Мозгочева менен Алымбек Абдылдаевдин эмне себептен жумуштан кеткенин SUPER.KG порталына түшүндүрүп берди.

Түлөбаевдин айтымында, ал социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеваны жумуштан алган эмес.

"Виктория Мозгачева жумуштан өз каалоосу менен кетти. Арызын көтөрүп келгенде, ага карата доом жок экенин, жумушта кала берүүсүн сурандым. Бирок ал жумушта калууга моралдык укугум жок деди. Менин "кетпеңиз, жардам бериңиз" деген суранычыма макул болгон жок. Мозгачева Алымбеков кетип жаткандан кийин ал да кетиши керектигин билдирди. Ошондо мен "макул, жакшы барыңыз" дедим" , - дейт Түлөбаев.

Ал эми жашоо турак жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Алымбек Абдылдаевдин жумуштан кетиши тууралуу Түлөбаев төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

"Алымбек Абдылдаевдин мурун кандай иштегенин билем. Ага мен көз караштарыбыз туура келбейт, иштеше албайбыз деп эле ачык айттым. Ал өзү айткандай ооруканада жатса, чакырбайт элем. Бирок өзү келди. Элдин баары Абдылдаевдин ушул жакта эле жүргөнүн билет. Булар көп нерсени жалган айтып жатышат. Өздүрүнүн намысына койдум", - деди Балбак Түлөбаев.

Эске салсак, бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев дайындалган. Түлөбаев мэриянын жамаатына тааныштырылгандан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында "Түлөбаев өз ишин эки вице-мэрди жумуштан алуудан баштады" деген маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaz99
2020-10-28 09:50:34
Кимисине ишеничти билбейсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан