Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Мамбетов Алмаз Ишенбекович Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкаруучусу болуп дайындалды", - деп жазылган билдирүүдө.
Алмаз Мамбетов 44 жашта. Ал буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болгон. Андан мурун Балыкчы шаарына мэр болгону белгилүү. Анын аты коомчулукка Мамбетов сөгүндү деп тараган аудидон кийин көбүрөөк белгилүү болгон.