“Мен 4 күндүк эмес, жок дегенде 1 айлык баатыр болгум келет” дейт Эрлан Өмүралиев

“КТРК менин макулдугумсуз УКМК берген видеону 3-4 күн тынбай көрсөтүп мени баатыр кылды. Мен жок дегенде бир айлык баатыр болгум келет” - деди Эрланбек Өмүралиев 25-сентябрда маалымат жыйында. Кыргызстандын чынчыл жараны катары өз эрким менен мыйзамсыз иштер жөнүндө маалымат бергем. Кубанычбек Кадыровдун атынан келдим деп мага жолугуп сүйлөп берген Калыс деген адамдан уккандарымды гана видеокамерага айткам. Чет өлкөгө чыгып кетти дегендер да болду. Мага коркутуулар болгон эмес, башка мамлекетке чыгуу сунуштары эле болду. Буга чейин өз үйүмдө эле жүрдүм, албетте, кооптонуулар болду”,- дейт Өмүралиев.  

Айта кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын кооптуу, бийликти кулатууга карата түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланганы белгилүү. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген эле.  

Кийин Садыр Жапаров Өмүралиев менен телефондо сүйлөшкөнүн айтып, анда ал УКМК коркутуп оппозицияга каршы сүйлөткөнүн билдиргенин айтып чыккан. Телефондогу сүйлөшүү жазылган аудиожазуу ММКлар аркылуу жарыяланган болчу. Аудиожазуунун толук версиясын бул жактан уга аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан