Каржы полициясы өкмөттүн сот өкүлчүлүктөрү борборунун мурдагы жетекчиси Тимур Шамбетовду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганга шектелип кармалган сот өкүлчүлүктөрү борборунун мурунку жетекчиси Тимур Шамбетов мамлекеттик казынага өзгөчө ири өлчөмдө 12 миллион АКШ доллар (1 миллиард сомго жакын) зыян келтирилгендиги аныкталган.
Учурда бул иш тергелип, жогорку кызмат адамдарынын арасынан тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралары жүргүзүлүүдө.