Бүгүн, 28-октябрда "Бишкек жарык" муниципалдык жана "Бишкек жылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаевге кат түрүндөгү жамааттык кайрылуу жолдошту.
Кайрылууда кечээ, 27-октябрда Бишкек шаарынын вице-мэрлик кызматынан бошотулган Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевди кайрадан жумуш ордуларына коюп берүү боюнча суранычтар жазылган.
"Биз "Бишкек жылуулукэнергонун" жана "Бишкек жарыктын" кызматкерлери бизге жетекчи болуп кеткен адамдарга карата колдоо көрсөтүүнү милдетибиз катары эсептейбиз. Анткени Виктория Мозгачева дагы, Алымбек Абдылдаев дагы мурунку жамаатынын, ошондой эле азыркы кесиптештеринин арасында жогорку кадыр-баркка ээ. Бул жетекчилер шаар үчүн оор мезгилдерде иштешип, өз милдеттерин мыкты аткарып келишкен. Алардын кесипкөйлүгү, билим деңгээли буга чейин ээлеген кызматына дал келет. Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевдин иш тажрыйбасы азыркы мезгилдеги туруксуз оор абалдан чыгууга, турак жай, социалдык маселелерди чечүүдө көмөкчү болмок.
Алсак, Алымбек Абдылдаев жылуулук берүү тармагында эмгектенген мезгилинде абоненттерге жылуулук энергиясын берүүдөгү сапатты жакшыртуу боюнча иштерге салымы чоң. Мындан тышкары административдик имараттарды жана өндүрүштүк участкаларды реконструкциялоо менен эмгек шарттарын жакшырткан.
Ал эми Виктория Мозгачева Бишкек шаарынын вице-мэринин кызматына пандемия учурунда келип, күндүзгү стационарларды уюштурууга чоң салымын кошкон.
Андыктан биз сиздерден социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева менен жашоо турак жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Алымбек Абдылдаевди кайрадан ээлеген кызмат ордуларына коюуну суранабыз", - деп жазылат кайрылууда.