Рэп ырчысы Добр “Жашоо бир келет” аттуу ырына клип тарттырды. Ырдын сөзү, обону аткаруучунун өзүнө таандык. “Ыр “Аят-3. Жашоо бир келет" көркөмтасмасына саундтрек катары жазылган. Ырдын аталышы да тасманын мазмунунан алынган. Кайырмасын ырчы Назира Токонова коштоп берди. Бир берилген жашоонун кадырына жетип, барктоого үндөгөн чыгарма”,- дейт рэпер.