Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардык милиция кызматына 16-сентябрда Ш.Ш. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал А. аттуу чала тааныш аял ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 2019-жылы июнь айында 7-кичи районунда жайгашкан батирди сатуу максатында 12 миң АКШ доллар алып, убадасын аткарбастан изин жашырып кеткендигин айткан.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында, 1975-жылы М.Т. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына алып келинген. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.