Эл аралык бала асыроо процессинин токтотулушунан улам 14 кыргызстандык бала америкалык ата-энесин көрбөй калышты

Эл аралык бала асыроо процессинин токтотулушунан улам 14 кыргызстандык бала америкалык ата-энесин көрбөй калышты. Бул тууралуу шейшемби күнү социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев АКШ мамлекеттик департаментинин атайын кеңешчиси Сьюзан Жейкобс менен жолугушууда билдирди. “Мен эл аралык асыроону күтүп жаткан 14 бала менен жолуктум. Алардын ден соолугу кам көрүүнү талап кылат. Өкмөт балдарды асыроо менен алектенген эл аралык уюмдарды аккредитациялаганда, бул балдардын маселеси дагы каралат” – деди министр. Жейкобс: “АКШ өкмөтү бала асыроо маселеси таза жүрүүсүнө кызыкдар. Биз 14 баланын тагдыры чечилип, америкалык үй-бүлөлөрүнө барат деген ишеничтебиз” - деди. 

Эске салсак, 2011-жылы эл аралык асыроо боюнча чыккан баш аламан жана ага катышкандардын камалышынан кийин эл аралык бала асыроо процесси токтотулган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан