Кышкы сезонго чейин Кыргызстан Казакстанга кошумча 500 миллион кВт электр энергиясын экспорттоого даяр

Жылуулук берүү сезонуна чейин Кыргызстан Казакстанга кошумча 500 миллион кВт электр энергиясын экспорттоого даяр. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандын өкмөт башчысы Серик Ахметов менен жолугушууда билдирди. Премьер-министрлердин жолугушуусунда Кыргызстанга көмүр жана газ алып келүү, суу-энергетикалык кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүү болду. Серик Ахметов жана Жантөрө Сатыбалдиев Орусия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан темир жолунун курулушу тууралуу сүйлөшүп, бардык каралган маселелер бир айдан кийин Кыргызстанда өтүүчү расмий жолугушууда дагы талкууланарын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан