Адамзатынын көпчүлүк бөлүгү төшөк оюндары менен кечкисин алектенишет. Анын үстүнө, бул көнүмүш адатка айланып кеткендей. Ал эми сексологдордун айтуусуна караганда, эртең мененки секстин да өзүнчө кереметтери бар экен.
Пайдалары...
Британиялык окумуштуулар изилдөөлөрдүн негизинде адамзаттын ден соолугун чыңдоочу бекер дары бар экенин айтып чыгышты. Көрсө, ал эртең мененки секс экен. Мындай секстин организмге пайдасы көп. Эртең мененки төшөк оюну дене тарбиялык машыгууларды жасоого көңүлү чаппагандар үчүн табылга. Айрым жубайлар таң атпай чуркап же кандайдыр бир машыгууларды жасап дене мүчөсүн чыңдап келишсе, таңкы секстен дал ушундай эле пайда табууга болот. Бир канча күн таңкы секс менен алектенип көргөн соң кан айлануу жакшырып, кол, көкүрөк жана жамбаш булчуңдары чымыр боло баштаганын байкаса болот. Артрит, кант диабети, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алары да окумуштуулар тарабынан изилденген. Айрыкча айымдар үчүн таңкы төшөк оюну өтө пайдалуу. Айымдардын жүзү кадимкидей нурданып калганынан улам жүзгө эндик коюунун да кажети жок болуп калат. Ал эми арыктоону каалаган айымдар эртең менен төшөк кумарынан кийин ашыкча 300 калорийден арылышат.
Эркектердин "алигиси" өздөрүнөн эрте ойгонот
Айымдардын организми эртең менен эркектикине караганда кеч ойгонот. Эркектердин канындагы тестостерон ойноп, «алигилери» эрте ойгонушат. Айрыкча таңкы саат 7-8 чамаларында эркектер «ээрге минүүгө» даяр болушат. Кээ бир сексологдордун айтымына таянсак, таттуу уйкудан кийин ойгонуу үчүн ичилчү кофени эртең мененки секске алмаштырса, организмге чоң пайда алып келет. Эгер бир чыны кофе бир нече саатка гана сергектик тартууласа, эртең мененки секс бир күндүк жакшы маанайды тартуулайт.
Маалымат "Супер-Инфо" гезитинин №377 санына жарыкка чыккан.