Иттин башын "белекке" алган блогер бул көрүнүштү кандай жоромолдоп жатканын айтып берди

Блогер Эркежан Исаковага кечээ, 28-октябрда белгисиз адамдар тарабынан кутучага салынган иттин башы келген. Блогер бул ишти мыйзам чегинде карап берүүнү өтүнүп тиешелүү органдарга кайрылган жана өзүнүн Фейсбук баракчасына пост жарыялады. SUPER.KG порталы иттин башы кимден "белекке" келиши мүмкүн жана андан сиз эмнени түшүнүп жатасыз деген суроолорго Исаковадан жооп алды.

- Саламатсызбы, Эркежан? Кутучадагы башты көрүп коркуп кеткен жоксузбу, аны ким жөнөттү деп ойлойсуз?

- Саламатчылык. Менде баары жакшы, рахмат. Кутучаны ачканда жагымсыз көрүнүш болду, бирок эч кандай коркуу сезимдери болгон жок. Мен бул көрүнүштү "коркутуп коёюн" деген өңүттө жасалган иш деп баалап жатам. Көңүлгө жакпаган мындай жорукту чоң кишилердин иши деп ойлобойм, майда иш деп көңүлгө албай коюу да мүмкүн эмес. Себеби менден башка дагы коомдук активисттер бар, аларга дагы мындай көрүнүштөрдүн кайталанышын каалабайм. Бул дыкат жасалган иш экени көрүнүп турат. Менин анчалык шектенген душманым деле жок. Бул же тигил жөнөтүшү мүмкүн деп шек санай турган да эч ким жок. Ошондуктан ким жөнөткөнүн билүү үчүн тиешелүү органдарга жардам сурап кайрылып жатам. Милиция териштирсе эле чыгат деп ойлойм, сүрөтүн чыгарып берсе алып келген кишини тааный алам.

- Буга чейин дагы ушул сыяктуу көрүнүштөр болду беле?

- Негизи мен активист блогермин, кесибим боюнча журналистмин, бирок эч жакта иштебейм. Коомдогу окуяларга өз көз карашымды ачык айрым айтып келгем жана Нарында жашагандыктан бул жактагы болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди интернет баракчама чагылдырып турам. Саясий өңүттөгү көрүнүштөргө өзүмдүн позицияларымды билдирип келгенмин. Менин жазган постторума ар кандай комментарийлер айтылып жүрөт. Атайын фейк аккаунттар менен сын-пикирлерди жазгандар бар. Бирок мындай көрүнүш болгон эмес.

Бул боюнча атайын юристтерден консультация алып, алар менен иштешип жатам. Бул акылга сыйбаган ишти кыз кишиге жасаган туура эмес деп ойлойм. Жандыктын башын алып, атайын тилин чыгарып коюшканы "тилиңди таап, башыңды кесип кетебиз" деген эскертүү бергендин белгиси. Бирок ким кылса дагы жаңылышат. Мындан коркуп калган жокмун. Азыр коркуп жашай турган заман эмес. Мен мындан дагы курчуйм, өзүмдүн позициямды бербейм.

- Айтсаңыз, азыр көпчүлүк өзүн пиар кылуу жолу менен чыгып жатпайбы, бул пиар эмеспи?

- Жок бул эч кандай пиар эмес. Мындай жорук менен пиар кылуу Кудайга да жакпаган иш деп ойлойм. Элди сарсанаа кылуучу пиардын мага кереги жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jaskaaa
2020-10-29 18:45:06
Байкуш итте не куноо. Итти муздагандынды озун муздаш керек.
+2
ika8086
2020-10-29 18:49:23
таза мээсинен айныган адам жонотконго,макул блогорде таарынычы бар экен а итте эмне куноо мынчалык катуу кетип.Кудайга жакпаган иш жасады кимиси болсода.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан