Бүгүн, 29-октябрда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, шаар тургундарына жылуулук, ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады.
"Улуттукэнергетикалык холдингдин" басма сөз кызматынан ЖЭБдин жогорку чыңалуудагы тармактарында системдик авария болуп, анын себептери такталып жатканын билдиришти.
