Бүгүн, 29-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөрүп жатат. Анда Садыр Жапаров министрликтерге бир нече тапшырмаларды берди.
Садыр Жапаровдун министрликтерге берген тапшырмалары:
1. Каржы министрлигине: 1) Республикалык бюджеттен каржылануучу бардык социалдык милдеттенмелер, пенсия, айлык акы, жөлөк пул жана башка социалдык төлөмдөр толук көлөмдө, өз убагында камсыз кылынсын.
2) Ишкердин субъектилерди каржылоо программасын ишке ашыруунун алкагында экспортко багытталган ишканаларга, чакан жана орто ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү жагы күчөтүлсүн.
3) Экономикага зыян келтирбегендей кылып мамлекеттик карыздан кутулуунун жолун издеп, концепция киргизилсин.
2. Саламаттыкты сактоо министрлигине: Коронавирусту алдын-алуу, дартты аныктоо жана дарылоо иштери боюнча активдүү чаралар көрүлсүн.
1) Элге жогорку сапаттагы медициналык кызматтарды көрсөтүү камсыз кылынсын.
2) Электрондук саламаттыкты сактоо процесси аягына чыгарылсын.
3) Баштапкы медициналык жардам берүүнүн иши өркүндөтүлсүн.
4) Коронавируска каршы күрөшүүдө эмне керек болсо, ошонун баарынын тизмеси түзүлүп, орусиялык кесиптештерге жөнөтүлсүн.
3. Айыл-чарба министрлигине: 1) Айыл-чарба продукциясынын сапатын жетиштүү көлөмдө камсыздоо. Өзүбүздү камсыздагандан кийин, экспортко чыгаруу.
2) Министрликтин ишин башкарууну жакшыртууну кайра карап чыгуу. Бирин-бири кайталаган функцияларды талдап, кыскартуу боюнча сунуш киргизилсин.
3) Асыл тукум, сапаттуу үрөн, сатуу рыноктору жана башка маселелер боюнча фермерлерге, дыйкандарга жардам берүү багытында конреттүү иштер жүргүзүлсүн.
4. 1) Транспорт жана жолдор министрлигине: Министрликтеги коррупциялык иштерди жок кылуу боюнча конкреттүү иштер жүргүзүлсүн.
2) Кыш мезгилинде ашуулардагы жол тыгындарын болтурбоо боюнча ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте оперативдүү иштер жүргүзүлсүн.
5. 1) Чек-ара кызматына: Мамлекеттик чек-аранын такталган аймактарында инженердик иштер өз убагында бүтүрүлсүн.
2) Мамлекеттик чек-ара күчөтүлгөн режимде кайтарылсын.
3) Чек-арадагы көзөмөл өткөрүү пункттарынын иши натыйжалуу уюштурулсун.