Бразилия криминал менен күрөшүү үчүн балдардын оюнчук куралын сатууга тыюу салды

Бразилиянын борбордук бийлиги балдардын оюнчук куралын (тапанча, автомат ж.б.) чыгарууга жана сатууга тыюу салды. Бул өөн учураган чечим криминал менен күрөшүү максатында кабыл алынганын чет элдик ММКлар жарыялашты. Бразилиянын федералдык округунун администрациясы балдардан тапанча, автомат оюнчуктарын тапшырып берүүнү, аларды китепке алмашууну сунуштоодо. Ал эми оюнчук курал сатып жаткан дүкөндөргө бийлик компенсация төлөп бермекчи. Бул аракет 4 ай бою тынымсыз жүргүзүлө турганы айтылып жатат. "Эгер биз зордук-зомбулук маданиятын өзгөртөбүз десек, ишти балдардан башташыбыз керек. Биздин балдарыбыз курал - оюнчук эмес экенин түшүнүшү зарыл",- деди Федералдык округдун Юстиция департаментинин башчысы Алирио Нету. Башкача айтканда, курал колдонуу, зордук-зомбулуктан алыс болгон муунду тарбиялоо аракети башталды. Аталган мамкызматкер 200 миллион калкы бар Бразилияда былтыр 43 миң өлүм катталса, анын 73 пайызы ок атуучу куралдан болгонун билдирди. Айта кетсек, куралчан тоноо кылмышы Бразилияда кеңири жайылган көрүнүш. Өлкөдө талап-тоноо фактылары чыныгы курал менен эмес көбүнчө оюнчук курал менен болуп жатканы акыркы жылдары көп катталып жатыптыр. Ал тургай 2011-жылы Сан-Паулуда бир кылмышкер оюнчук курал менен өлкөнүн вице-президенти Мишель Темераны тономокчу болгону айтылды. 

     

Кыргызстан тууралуу: "Балдарыбыз крим-дүйнөнүн өкүлдөрүн кумир тутуп чоңоюшууда. Заман өзгөрдү, "келечекте ким болосуң?" десең "рэкет же кримавторитет болом" деп жооп беришет" деп айтып эле жүрөбүз. Бразилия го эксперимент катары бир ыкманы колдонуп көрүүнү чечиптир. Балким, Кыргызстанга да ушул сыяктуу бир мамлекеттик саясат керектир? 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан