Ысык-Көл. Облуста жыл башынан бери 966 эне анемия оорусу менен көз жарды
Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө ушул жылдын 8 айында 966 эне анемия оорусу менен көз жарды. Бул тууралуу аталган оорукананын башчысы Токтобай Маанаев билдирди. Анын
айтымында, мындай көрсөткүч өткөн жылдын ушул
мезгилине салыштырмалуу 53 адамга көп. "Мындай оорунун өсүшү энелердин тамактануусунан көз каранды болууда",- деп кошумчалады ал.