АКШнын президенттигине талапкер Жо Байден шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берди

АКШнын президенттигине талапкер Жо Байден өзү катышчу шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 77 жаштагы Байден аялы Жилл менен кошо 28-октябрда Уилмингтон шаарындагы шайлоо тилкесинде добуш берген.

"Ал бардык гигиеналык нормаларды сактап, коргоочу беткап кийип жүргөн. Саясатчы жарандык милдетин аткарганын айтып, добуш бергенин тастыктады", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин 24-октябрда анын атаандашы, АКШнын президенти Дональд Трамп да Флорида штатындагы Вест Палм Бич шаарындагы шайлоо участогунда добуш берген. Ал коронавирус менен ооруп айыкканынан улам ушундай кадамга барганын айтып, журналисттердин суроолоруна: "Мен Трамп аттуу жигитке добуш бердим", - деген тамашалуу жообун узаткан.

70 миллиондон ашуун америкалыктар мөөнөтүнөн мурда добуш беришти. Ал эми АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Ага Дональд Трамп менен Жо Байден ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bbek
2020-12-24 17:15:32
Ой тообо Америкада да шайлоо болдубу мына сага жанылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан