Борбор шаардагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 27-сентябрь күнү Адылбек Байтерековдун "Көчмөндүн күндөлүгү” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Көргөзмөгө жүздөн ашык эмгек коюлмакчы. “Адылбек Байтерековдун чыгармачылыгы 21-кылымдагы кыйын кезеңдеги кыргыз искусствосун чагылдырат. Анын эмгектеринде салттык жана заманбап искусствонун айкалышын байкоого болот”,- дейт маданият таануучу Гамал Бөкөнбаев.