Ысык-Көл. Каракол шаарындагы Аэропорт жаңы конушуна электр энергиясы тартылды
Бүгүн, 26-сентябрда Каракол шаарындагы Аэропорт жаңы конушуна жаңы көмөкчордон орнотулду. Бул
тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Облус
башчы Эмил Каптагаев жаңы конушта болуп, 20дан ашык үй электр энергиясы менен камсыз болгонун көрүп чыкты. Белгилей кетсек, конушка учурда жаңы үйлөр курулуп, аймагы кеңейип жатат.