Роман Гуманюктун “Жер планетасынын үстүндө учуу” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат

Бишкектеги Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 2-октябрь күнү Роман Гуманюктун “Жер планетасынын үстүндө учуу” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Дүйнөлүк космонавтиканын 56 жылдыгынын алдында ачылган көргөзмөдө 22 эмгек элге тартууланат. Эмгектерде космонавттардын космос мейкиндигине болгон сапары чагылдырылган. Роман Гуманюк 1985 жылы Бишкек шаарында туулган. Бала чагынан живопись менен алектенип, Кыргызстан,  Казакстан, Украина, Беларусь, Болгария өлкөлөрүндөгү музейлерде 18ге жакын көргөзмөлөрү өткөрүлгөн. АКШ жана Европадагы белгилүү көргөзмөлөргө катышкан.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан