Карганбек Самаков: "Исхак Раззаков айткандай, бай жашоого эмес, өрнөктүү жашоого умтулалы"

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков 50 жашка чыкты. Аны парламент жыйынында өзүнүн жана депутаттардын атынан төрага Асылбек Жээнбеков куттуктап, ишине ийгиликтерди каалад. "Быйыл "Манас" үчилтигин ЮНЕСКОго киргизишиңизди каалайм. Сиздин кандай иштеп жатканыңызды эл көрүп турат, акчаңызды, убактыңызды аябай улуттук баалуулуктар үчүн аракет кылып жатасыз",- деди төрага. Карганбек Самаков ыраазычылык билдирип: "Исхак Раззаков айткан экен "Бай жашоого болот, бирок өрнөктүү жашоо кыйын" деп. Андыктан баарыбыз өлкөнү, улуттук баалуулуктарды коргоого умтулуп, өрнөктүү жашоого аракет кылалы",- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан