"Куран окутууга кеткен". Бишкекте дайынсыз жоголгон 17 жаштагы өспүрүм изделүүдө

Бишкекте 17 жаштагы Нурахмет Жакыпбеков дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу жакындары социалдык тармактарга маалымат жарыялады.

Жакыпбеков Нурахмет 17 жашта. 27-октябрда үйүнөн саат 11:45терде классташынын үйүнө куран окутууга чыккан боюнча дайынсыз болууда. Ошол эле күнү саат 14:00дөн баштап Нурахметтин номери өчкөн.

Жакындары менен келишпестик болгон эмес. Психологиялык жактан туруктуу. Бишкек шаарын жакшы билет. Жакындарынын уруксаты жок үйдөн чыга берчү эмес.

Өзгөчө белгилери: Бою 180-182. Арык дене түзүлүштө.

Үйүнөн чыгып кеткен күнү кийип жүргөн кийимдери: кара көк түстөгү спорттук күрмө, кара көк түстөгү жынсы шым, кызгылтым көйнөк, күрөң шарф, көк кроссовка.

Жакындары Нурахмет Жакыпбеков тууралуу маалымат билгендер болсо, 0555 69 99 77, 0705 40 79 52, 0550 26 60 06 номерлерине байланышып коюуну жарандардан өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaka78
2020-10-30 22:47:57
Аман-эсен табылып калсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан