Депутаттар "Эмгек сиңирген артист" деген наамды жоюуну сунушташууда

Парламентте "КРнын Эмгек сиңирген артисти" деген наамды жоюу сунушталууда. Муну ЖКнын 26-сентябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков айтып чыкты. Депутат бул наамдын калыстык менен берилбей жатышына нааразы. "Баарыбыз билебиз, мурда Зейнеп Шакеева өңдүү ырчылар кичинекей айлык менен иштечү. Кыргызстанды кыдырып элге дух берип турчу. Ырлары азыркыга чейин ырдалып жүрөт. Ал учурда төрөлө электер азыр аталган наамды алышты. Бул наамды такыр жок кылалы же адилеттүүлүк орнотолу",- деди депутат. Бул маселени карап чыгуу президенттин ЖКдагы өкүлүнө тапшырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан