"Окуу жайлардагы коррупция бизди эл аралык деңгээлде да уяткарчу абалга кептеди" дейт билим берүү жаатындагы серепчи Кеңешбек Сайназаров

Кечээ, 29-октябрда Пакистан Ислам Республикасы Кыргыз өлкөсүнүн медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени маалымдалган. Анын себеби катары Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү болгон пакистандыктардын 90 пайызы аталган өлкөнүн милдеттүү медициналык текшерүүсүнөн өтө алышпай турганы жана алардын дипломдору өлкөдө таанылбаганы менен түшүндүрүлгөн.

Бул маалымат социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан дагы деле кызуу талкууланууда.

SUPER.KG порталы бул окуя боюнча "Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун Орто Азиядагы жетекчиси, билим берүү жаатындагы серепчи Кеңешбек Сайназаровдун пикирин укту.

Билим берүү жаатындагы серепчи Кеңешбек Сайназаров

Серепчинин пикиринде, бул күтүлгөн жагдай болгон жана өлкөдөгү медициналык окуу жайларында коррупция эбегейсиз тамырлашкан абалга жеткен.

“Өлкөдө ушул жагдай эртеби-кечпи болмок, бул күтүлгөн жагдай болчу. Албетте, буга биздин өлкөдөгү болуп жаткан коррупция себеп деп айткым келет. Окуу жайлардагы коррупция эбегейсиз деңгээлге чыгып, ал бизди эл аралык деңгээлде да уяткарчу абалга кептеди. Биз ушул нерсени көз жаздымда коюп койдук, буга кайдыгер мамиле кылбашыбыз керек эле. Маалым болгондой, буга чейин Өзбекстан студенттерин кайтарып алып, көпчүлүк жогорку окуу жайлардын тизмесин чыгарган, ошондо да өзүбүзгө келген жокпуз.

Индия менен Пакистандын жарандары бизге агылып эле келип жатты. Алар медицинаны окумак турсун, тилди жакшы сүйлөй алышчу эмес. Алар тил билбесе, түшүнбөсө анан кантип окууну бүтүп кетип жатышты, түшүнүксүз. Биз ошол нерсеге кантип көз жумуп коюп жаттык, тилди билбеген адам кантип татаал илим медицинаны окуп бүттү деген суроого жөнөкөй адам деле жооп таба албайт да.

Өлкөбүздөгү окуу жайлар дипломдорго мөөр коюп шакылдатып берип келди. Бул жактан окууну аяктап Пакистанга барган бүтүрүүчүлөрдө сынактан өтпөй калган жагдайлар жаралгандыр. Анткени алар кайсы өлкөдөн окуп келсе да, өз өлкөсүндө квалификация алыш үчүн сынак тапшырышат. Бул жакта эч нерсе окубагандар, ал жактагы сынактан өтпөй калган учурлар көп болгонунан ушул кадамга барышты деген пикирдемин”, - деди Сайназаров.

Көйгөйдөн улам кечээ, 29-октябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медицина тармагындагы адистерди даярдоочу ЖОЖдордун ректорлору менен жолугушуу өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bakbai
2020-10-30 19:01:39
Кыргызстандагы окуу жайларында коррупция дегенге белчесинен батып калган ошону текшерген жан жок
+1
nazarnew
2020-10-30 19:37:08
Че то серьезное назреваются, бул кетиште точно тупикке кабылбасак эле.
+3
Jelezo
2020-10-30 22:58:49
Экзамен башталганда ЖОЖдордун мугалимдери жыйым терим башталды деп калышканын өз кулагым менен уккан элем 20 жыл мурун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан