Пакистан Кыргыз өлкөсүнүн бардык медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылды. Бул маалымат азыркы учурда социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан кызуу кепке алынууда.
"Пакистан Кыргыз өлкөсүнүн медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени экономика үчүн дагы чоң сокку болду. Ал жакта миллиард доллар бар. Бул деген келишим баа (контракт), жатакана, хостель жана тамак-ашка кеткен чыгымдар. Алар өлкө үчүн дайымкы туристтер, инвестиция болчу".
"Мен пакистандык медициналык университеттерди көргөм. Биздикилер ага жакындабайт дагы. Туура эле. Жабылышсын эми катарынан".
"Ким күнөөлүү? Коррупция!".
"Бул тармактын дагы башын жутушту".