Биз социалдык тармакта

Кызматтан кеткенден бери көрө элек белеңиз? Сооронбай Жээнбековдун мечиттен чыгып бара жаткандагы видеосу тарады

Бүгүн, 30-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкектеги мечиттердин биринен чыгып бара жаткандагы видеосу социалдык тармактарга тарады.

Видеодо көрүнгөндөй, Сооронбай Жээнбеков Жал кичи районундагы мечитке жума намазын окуу үчүн барган. Экс-президенттин жанында анын кеңешчиси Мурат Шайымкулов жана мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери коштоп жүргөн. Көпчүлүк аны кызматынан кеткенден бери көрө элек болчу.

Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор аянтка чыгып, кагылышуу орун алгандан кийин өз каалоосунун негизинде отставкага кеткен.

Сооронбай Жээнбековдун мечиттен чыгып бара жаткандагы видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bond02
2020-10-30 19:20:53
Башкага кандай билбейм го, бирок адамдык абийирди бийик койгон адамга Сооронбай момент президенттиктен кетти. Кыргызстан азыр сазга батып калган абалда, Садыр эмес Садырдан бешоо болсо да бутуна тургузуп кетиш кыйын.
+27
nur090909
2020-10-31 01:16:00
bond02,Ошо сазга батканга чейин ким иштеди. Адам биринчи оюн өзгөртүү керек. Оңолуш кыйын, бүт уруу мүмкүн эмес дегендин ордуна. Кудайым буйруса Кыргызстан өнүгөт дейличи. Эмнеге баары эле ушинте берет. Өнүкпөйбүз, оо башка мамлекетке жетиш кайда деп. Америка мн, Сингапурду, Кытай мн Кореяны адам эмей анан айбанаттар куруптурду. Пейилди оңдойлу, тынбай алдыга карай эмгектенели,ичи тардык мн, көрө албастыктын ордуна. Ынтымак мн,акниеттүүлүк, эмгек бар жерде,Ийгилик сөзсүз болот.
+11
Baha.A
2020-10-30 20:16:54
Садырбы,башкабы,бироо олкону которуш керек!
+17
JaneEr
2020-10-30 21:00:32
Baha.A,бироо эмес,бардыгы...
+8
nur090909
2020-10-31 01:19:07
Baha.A,Мамлекеттин өнүгүшү бир адамдын колунда эмес. Ар бирибиздин колубуздан. Кичине нерсе мн мен эмнени өзгөртмөк элем, бийликтегилер кылбаса деген туура эмес.
+4
miki87
2020-10-30 21:03:34
Кыргыз элим тушунгулочу бийлике жеткенче эле ар кандай убадаларды беришип аларга эл ишенет. А чындыгында бир адамдын колунан эч нерсе келбейт баарыбыз аракет кылбасак. Азыркы бийликтин колунан эч нерсе келбеши билинип эле турат. Биринчи эки уч ай деди эми бир жыл деп атат бир аздан кийин 5 же 10 жыл дейт. Эрк болуш керек камабай кустурабыз деген болчу беле камап анан кустурса болот. Булар байлыктарын оздоруно эмес туган дос биролорго жаздырып койушат аны акылы аз адамда тушунот. Карга карганы
+13
nur090909
2020-10-31 01:29:20
miki87,2,3ай деп,мыйзамдуу талаага түшүштү айтты. 30жылдан бери чириген, бийлик бутагын 3айда тазалай албайт эч бир адам. 2,3ай деген деп эле, сыйкырчы өзгөртө тургандай нерсени күтө бербейли.Ийгиликке жетиш үчүн тоскоолдуктар өтө көп болот. Мен ишенем Кыргызстан өнүгөт. Ошол нерсегеСадыр Жапаров эл мн бирге жетет. Мейли миң жолу асылышсын, жүз жолу буттан тартышсын, ар бир,сөзүн аңдып, кыйкым издешсин. Бирок эч убакта сына көрбөсүн.Элдин келечегин миллиарддаган акчага алмаштырбаган адам.Дагыда,
+4
nur090909
2020-10-31 01:29:34
алмаштырбай.
0
Djumahmatov
2020-10-31 08:05:54
Картайып калыптыр байкуш буттары ооруп
+1
tynar92kg
2020-10-31 08:44:07
Адамда эң жогорку сапат бул жөнөкөйлүк... Сокедей жөнөкөй адам болууну үйрөнөлүк. Эл мн сен бийиксин, элден чыксаң кийиксин деп коётко кыргызда...
+3
Kona8631
2020-10-31 09:05:56
Мне фиолетово...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан