Бүгүн, 30-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров элчи менен баарлашууда Кыргыз өлкөсүндөгү коомдук-саясий кырдаал кыска убакыттын ичинде турукташкандыгын белгилеген.
"Кытай менен кызматташуу Кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясатындагы негизги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасы эл аралык милдеттенмелерди жана буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди жана макулдашууларды толугу менен так аткарат", - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу жана гуманитардык жардамы үчүн Кытай тарапка ыраазычылыгын билдирди.
"Кытай Эл Республикасы биринчилерден болуп Кыргыз Республикасына өз убагында жардам көрсөттү жана көрсөтүүнү улантып келет. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы чыныгы достуктун жана жакшы коңшулук мамиленин белгиси. Биз Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну бардык багыттарда активдештирүүнү көздөйбүз", - деди президенттин милдетин аткаруучу.
Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь Кытай Өкмөтүнүн атынан Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматына дайындалышы менен куттуктады.
"Кытай менен Кыргыз өлкөсү жакшы кошуналар жана ишенимдүү өнөктөштөр. Эки өлкөнүн элинин ортосундагы достук мамилелердин тамыры тээ алыскы тарыхка, байыркы Улуу Жибек Жолу мезгилине барып такалат. Кытай Кыргыз өлкөсүнө тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү чын дилинен каалайт жана мүмкүн болушунча ар дайым жардам берүүгө даяр", - деп билдирди Ду Дэвэнь.
Сүйлөшүүнүн алкагында Садыр Жапаров элчини кытайлык инвесторлор жана ишканалар өздөрүн коопсуз деп сезе беришсин деп ишендирди.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши тууралуу элчи жүктөрдү өткөрүү боюнча учурдагы алгоритмге байланыштуу көйгөйлүү маселелерди талкуулоо үчүн ушул жылдын 6-ноябрында эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу пландаштырылып жатканын маалымдады.
"Сентябрдын башынан тартып "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунун иштеп башташы кытай элинин кыргыз элине карата болгон жакшы мамилесин тастыктайт. Бирок пандемиядан улам өлкөлөр жаңы шарттарга көнүшү керек, бул техникалык гана мүнөздө болот, анткени карантиндин талаптары өтө жогору", - деди Ду Дэвэнь.