“Сагын көз жумду”. Коомчулук бир мигранттын мисалында Кыргыз өлкөсүндө жумуш орундарын түзүү керектигин айтып чыгышты

Социалдык тармактын Олег Козловский аттуу колдонуучусу өзүнүн баракчасына кире бериштеги жазуунун сүрөтүн бөлүштү. Аталган жазуу интернет желесине тарап, кызуу талкууга алынууда.

Олег Козловский "Фейсбуктагы" баракчасына сүрөттү тиркеп, "экинчи толкун мезгилиндеги үйгө кире бериш жердеги кулактандыруулар" деп түшүндүрмө берген.

Аталган сүрөттө: "Эл журт, таштандыларды ыргытпагыла! Сагын каза болду. Азырынча тазалай турган эч ким жок", - деп жазылган.

Ошондой эле аталган үйдүн алдына каза болгон Кыргыз жараны Сагын Жунусов коронавирус илдетинен улам көз жумгандыгы тууралуу дагы сүрөт илинген.

"Урматтуу жашоочулар, 27-октябрда биздин эшиктин алдын тазалаган Сагын Жунусов арабыздан кеткенин өкүнүү менен айтабыз. Коронавирус инфекциясы анын организмине оор кесепетин тийгизди. Ал эки жума жандандыруу бөлүмүндө жатып, ооруканада көз жумду.

Биз Сагынды боорукер, сезимтал, мыкты жумушчу жана жакшы үй-бүлөлүү адам катары эстеп калабыз.

Сагындын жакындарына материалдык колдоо диспетчерлик кызмат аркылуу кабыл алынат", - деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Janel2013
2020-10-30 23:14:30
Жакшы киши эле, жаткан жери жайлуу болсун!
+14
Benazir08
2020-10-31 04:25:57
Ким ошондо бул
-1
Suleiman-
2020-10-31 09:00:02
Молодцы, жок дегенде ушуну жазып чыгарыпсыңар, ...канчалаган кыргыз көр тиричиликтин айынан талаада жүрөбүз темселеп,,, кайран кыргыз,, канчасы кайтыш болуп кетти..ар груз 200 жөнөткөн сайын ыйлайм,,,,, ар бир Россияда кайтыш болгон кыргыздарга барибир качандыр бир мезгилде биздин уялчаак чоңдор, элди ойлобогон бийликтегилер жооп берери анык. Консул бокко жарабайт, кыпындай жардам бербейт, 10 жыл нары бери көрүп журөм, био да жардам беришкен жок, курук отчет кайран консульстволор.
+6
rola
2020-10-31 11:07:26
Окунучтуу.Алла рахматы кылсын.Жайы жаннаттан болсун.
+3
Nur777
2020-10-31 16:45:40
Абдан окунучтуу((((((((
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун,жайы жаннаттан болсун!
0
Ahunov
2020-11-01 02:39:29
Бул дүйнө өтүнүч эртеби кечпи баарыбыз бул өтөбүз маңдайыбызга жазганды көрөбүз эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан