Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КМШ өлкөлөрүндөгү Баш прокурорлордун Координациялык кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Баш прокурорлор 2011-2013-жылдары кылмыштуулук, террорчулук жана экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу, адам сатуу менен күрөшүү жана 2012-2014-жылдары мыйзамсыз миграцияга каршы программалардын иштешин анализдешет. Иш-чаранын негизги бөлүгү жабык эшик артында өтөт. Күндүн экинчи жарымында ШКУга мүчө мамлекеттердин Баш прокурорлорунун жолугушуусу өтөт. КМШ өлкөлөрүндөгү Баш прокурорлордун Координациялык кеңеши 1995-жылдын 7-декабрында түзүлгөн. 2005-жылы ага КМШ аймагындагы эл аралык орган деген статус берилген. Кеңештин курамына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Украина кирет.