25-сентябрда Каракол шаарында облустагы оорукана башчылары катышкан координациялык кеңешме болуп өттү. Ага облус башчы Эмил Каптагев, анын орун басары Роза Кайыкова, облустук оорукананын жетекчиси Токтобай Маанаев жана облустагы бардык шаар, райондордогу оорукана жетекчилери катышты. Кеңешмеде медицина кызматкерлеринин 8 ай аралыгындагы иштери талкууга алынды. Белгилүү болгондой, ушул жылдын 8 ай аралыгында Жети-Өгүз району боюнча 544 төрөт кабыл алынса, анын ичинен 13 наристе жансыз төрөлгөн. Ал эми Тоң району боюнча 15 бала төрөлсө, анын бирөөсү жансыз кабыл алынганы айтылды. Ак-Суу району боюнча 339 эне көз жарып, 11 ымыркай жансыз төрөлүптүр. "Ымыркайлардын жансыз төрөлүшү боюнча бул көрсөткүч тынчсыздануу жаратат. Кош бойлуу айымдар каттоого кеч туруп же төрөгөнгө чейин ооруканага кайрылбай жатышы ушуга жол ачууда",- деп билдирди облустук оорукананын жетекчисинин орун басары Элмира Барктабасова.