Кыргызстанда мас болуп унаа айдагандарды айдоочулук күбөлүгүнөн өмүр бою ажыратуу сунушталууда

Депутаттар мас абалында унаа айдагандарды айдоочулук күбөлүгүнөн өмүр бою ажыратууну сунуштоодо. ЖКнын 26-сентябрдагы жыйынында депутат Кармат Орозова автокырсыктар көп болуп жатканын айтып, муну аталган жол менен чечүүгө боло турганын билдирди. "Бейкүнөө өмүрлөр кыйылып жатат, ушундай катаал чара көрбөсө болбой калды",- деди Орозова. Депутат ошондой эле Баткендеги чек ара маселесине токтолду. "Өзбекстан чек ара маселесине келгенде эле эл аралык келишимин көтөрүп чыгат. Биз качан эл аралык келишим менен иштейбиз? Алар жол тосот да, биз аларды алыс жактан эмес бул жактан өткүлө деп өз аймагыбыздан өткөрүп жатабыз. Эмнеге коңшу өлкөгө жакшы көрүнөбүз деп элди кыйнай беребиз? Баарыңар көрдүңөр, жакында Баткен аймагындагы транзиттик жолго постторду орнотууга чейин барышты",- деди депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан