Бишкектин 6-кичи районунда мамлекетке кайтарылган бала бакчалардын бири иштебей, жарым жылдан бери селсаяктар жашап жатышат. Муну ЖКнын 26-сентябрдагы жыйынында депутат Наталья Никитенко билдирди. Айтымында, мамлекет тарабынан кайтарылган бала бакчалар толук иштебей жатышат.
“Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, 31 мекеме мамлекетке кайтарылган. Алар азыр авариялык абалда жана оңдоо иштери баштала элек”,- деди депутат.