31-октябрда ырчы Кызсайкал Кабылова 21 жашка толду. Бул ирет туулган күнүн Москвада белгилеген ырчы баары ойдогудай болгонун айтат.
"Жумуштарым менен Москвага баргам. Ошого байланыштуу быйыл туулган күнүмдү коңшу өлкөдө белгилөөгө туура келди. Бул жакта бир тууган агам бар, туулган күнүмдү жакындарымдын, досторумдун курчоосунда белгиледим. Мынчалык көп куттуктоолор болот деп ойлогон эмесмин, кучак толо гүлдөрдү алып, кубанып жатам. Бир эле ата-энем, кызым жана жакшы көргөн адамым жанымда болбой, туулган күнүмдү алардан алыс жакта өткөрүп жатканыма бир аз маанайым чөктү", - дейт ал.
Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы Кызсайкал Кабылова 1999-жылы 31-октябрда төрөлгөн. Кичинекей кезинен сахнада жүргөн Кызсайкал агасы Мажит менен "Бир тууганым" деген ырын аткарып, белгилүү болгон.
31-октябрдын жылнаамасы.