Депутат Улукбек Кочкоров парламенттин 26-сентябрдагы жыйынында Баткендеги чек ара маселеси чечилбей жатканын айтып чыкты. "Кыргызстандын азыркы абалы инсульттан кийинки адамдын абалындай. Мээ бутту кыймылдатууга сигнал берет, бирок бут кыймылдабайт, айтор, ушул сыяктуу. Жыл башында Чарбак айылынын 16 жашоочусун өзбекстандыктар сүйрөп кетип, алар 2 сутка коңшу өлкөдө барымтада жатышты. Окуядан кийин Өзбекстан өз аймагындагы суусуз жерге суу чыгарып берди. Ал жерге Өзбекстандын өкмөт башчысы, ал тургай облус башчысы басып барган жок. Акими эле чечип койду. А бизде кымындай иш боло элек",- деди депутат. Кочкоров кыргыз айылдарына водовоз менен суу ташылып жатканын айтты. "Күнүнө 20 литр суу берет экен. Ал суу үй-бүлөнүн тамак-ашына, малына жетеби? 3-4 айылдын тургундары үйлөрүн таштап чыгып кетишүүдө. Минте берсек, жакында Лейлек району толугу менен Тажикстандын анклавына айланып калышы мүмкүн. Баарыбыз биригип командалык программа кабыл албасак болбой калды",- дейт Кочкоров.