Кыргызстанда сырткы туризмдин көрсөткүчү былтыркы жылга салыштырмалуу жогору көтөрүлдү. Бул тууралуу 26-сентябрдагы маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Сыргак Чокоев билдирди. Анын айтымында, ички туризм тескерисинче төмөндөп кетти. “Жайкы туристтик сезондун жыйынтыгы жана туризм департаментинин отчёту эртеңки төртүнчү туристтик форумунда айтылат”,- деди Чокоев.